Мадейра дарыясыБоливия менен Бразилиядагы дарыя, Амазонканын ири оң куймасы. Анд тоолорунан башталган Маморе жана Бени дарыясынын кошулушунан пайда болот. Узундугу (Маморе дарыясынын башталышынан) 3352 км, алабынын аянты 1391 миң км2. Жогорку агымында Бразилия бөксө тоосун айланып агып, босоголорду жана шаркыратмаларды пайда кылат. Порту-Велью шаарынан тартып Амазонка ойдуңу аркылуу агат. Төмөнкү агымында Мадейрадан бөлүнгөн оң салаасы – Амазонкага куюп, Амазонка менен Мадейра биригет да Тупинамбаранас аралын түзөт. Жайында жаан-чачын көп жааганда суу кирет. орточо чыгымы 30,5 миң м3/сек. Деңгээлинин өзгөрүүсү 12 мден жогору. Чатынан Порту-Велью (Бразилия) шаарына чейин такай кеме жүрөт (1060 км).

Мадейра.

Колдонулган адабияттар түзөтүү