Мадумаров Кахрамон Абдурахмонович

Кахрамон Абдурахмонович Мадумаров (өзб. Қаҳрамон Мадумаров; (1954), Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР - Белгилүү коомдук ишмер, ишкер, араб тили жетектөөчү котормочусу[1].

Кахрамон Абдурахмонович Мадумаров
(өзб. Қаҳрамон Абдураҳмонович Мадумаров)
Төрөлгөндөгү ысымы:

Қаҳрамон Абдураҳмонович Мадумаров

Туулган датасы:

1954 жыл(1954)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош облусу,  Кыргыз ССР

Жарандыгы:

 Кыргыз ССР  ССРС
 Кыргызстан

Кесиби:

Белгилүү коомдук ишмер, ишкер, араб тили жетектөөчү котормочусу

Карьерасы:

1977 жылдан баштап

Багыты:

Белгилүү коомдук ишмер, ишкер, араб тили жетектөөчү котормочусу

Сыйлыктары:

Көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган

Өмүр баяны түзөтүү

Кахрамон Мадумаров 3 март 1954 жылы Ош шаарында, кызматчыларды үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын атасы Мадумаров, Абдурахмон Мамасиддикович (1929-2008) - белгилүү коомдук ишмер, ишкер, Ош шаары тейлөө комбинаты тери-жүн цехынын мүдүрү болуп иштеген.

1977 жылы Кахрамон ажы Мадумаров Ташкент Чыгыш таануу институтун араб тили адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган, Советтер Союзунун Сирия, Йемен, Иордания элчиликтерине жана соода өкүлчүлүктөрүне котормочу, Ош кыргыз-өзбек университетинин араб борборунун директору, араб тили мугалими болуп иштеген. Эки баласы бар. Куранды жаттап билет, азыр ишкер болуп иштейт. Иниси Ботиржон Мадумаров Ташкент Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүрүүп, Өзбекстандын жана Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарында жүздөгөн макалаларын чыгарды. Ал жөнүндө Исмат Хушевтын "Акталбаган үмүт узак аңгемеси" 1 китеп, 12-бөлүк, 2014 жылы чыккан китебинде жазылган.

Көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган, 1985 жылы ССРС Өкмөтү ага ГАЗ-2410 автоунааны белекке берди[2].

Жеке жашоосу түзөтүү

Атасы - Мадумаров, Абдурахмон Мамасиддикович (1929-2008) - белгилүү коомдук ишмер, ишкер, Ош шаары тейлөө комбинаты тери-жүн цехынын башчысы болгон. Энеси - Минавар ажы Туйчибаева (1936-2003). Жубайы - Ханифа (5 июль 1958 жыл). Балдары: Өткир (16 март 1979 жыл), Эркин (10 март 1984 жыл)-стоматолог.

Тиркемелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү