Майданек - Люблин шаарыннын (Поль­ша) чет жакасындагы жер.

1941-ж. күзүндө Майданекте фашист немецтер кишилерди массалап кыруу үчүн ла­герь курган. Борб. лагерь деп эсептелип, Түш.-Чыгыш Польшада бир нече «филиалы» болгон. Нюрнберг процессинин маалыматы боюнча Майданекте ар кандай улуттан 1500 миңдей адам өлтүрүлгөн. Майданек лагерин 1944-ж. Советтик Армия жок кылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.