Майкл Жон Дуглас (англ. Michael John Douglas; 1951-жылы 5-сентябрь) – Майкл Китон (англ. Michael Keaton) катары таанымал болгон америкалык актер, продюсер жана режиссер. Китон тартылган алгачкы күлкүлүү окуялуу тасмалар: "Түнкү смена" (англ. Night Shift, 1982), "Мыкты ата" (англ. Mr. Mom, 1983), "Коркунучтуу Жонни" (англ. Johnny Dangerously, 1984) жана "Битлжус" (англ. Beetlejuice, 1988). Тим Бөртондун "Бэтмен" (англ. Batman, 1989) жана "Бэтмен. Кайрадан кайтуу" (англ. Batman Returns, 1992) тасмаларда башкы каармандын ролун аткарып атактуулукка жеткен.

Ошондон бери актер ар кандай жанрдагы тасмаларда тартылган – драма жана романтикалык күлкүлүү окуялуу тасмалардан триллер жана боевик тасмаларга чейин, алар: "Соо жана күнөөсүз" Clean and Sober, 1988), "Тилегендей топ" (англ. The Dream Team, 1989), "Пасифик-Хайтс" (англ. Pacific Heights, 1990), "Жок жерден чоң чатак чыгаруу" (англ. Much Ado About Nothing, 1993), "Менин жашоом" (англ. My Life, 1993), "Гезит" (англ. The Paper, 1994), "Көп сандуулук" (англ. Multiplicity, 1996), "Жеки Браун" (англ. Jackie Brown, 1997), "Херби: Толугу менен даяр" (англ. Herbie: Fully Loaded, 2005), "Башка балдар" (англ. The Other Guys, 2010), "Жогору ылдамдыкка умтулуу" (англ. Need for Speed, 2014), "Робокоп" (англ. RoboCop, 2014), "Көңүл чордонунда" (англ. Spotlight, 2015), "Негиздөөчү" (англ. The Founder, 2016), "Жөргөмүш адам: Үйгө кайтуу" (англ. Spider-Man: Homecoming, 2017), ошондой эле Китон "Машинелер" (англ. Cars, 2006), "Оюнчук окуясы 3" (англ. Toy Story 3, 2010) жана "Миньондор" (англ. Minions, 2015) сыяктуу мультфильмдерде каармандардын үнүн коштогон.

"Куш адам же (Караңгылыктын күтүлбөгөн күчү)" (англ. Birdman or (The Unexpected Virtue of Ignorance), 2014) тасмада аткарган башкы ролу Китонго "Алтын глобус " сыйлыктын "Мюзикл же күлкүлүү окуялуу тасмада роль аткарган эң мыкты актер" номинациясын жана Киносынчылар сыйлыгынын "Эң мыкты актер" жана "Күлкүлүү окуялуу тасмада тартылган эң мыкты актер" номинацияларын алып келген, ошондой эле АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгынын, Британия Фильм сыйлыктарынын жана "Оскар" сыйлыктардын "Эң мыкты актер" номинацияларынын талапкери болгон. Мындан мурун актер "Багдадтан түз эфир" (англ. Live from Baghdad, 2002) тасмасында аткарган ролу үчүн "Алтын глобус " сыйлыктын номинациясына талапкерлиги коюлган, ошондой эле "Компания" (англ. The Company, 2007) үчүн АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгынын талапкери болгон. Китон Голливуд кинофестивалы жана Цюрих кинофестивалы учурунда Career Achievement Award сыйлыгына татыган.

2016-жылдын 18-январында Китонго Франциянын Искусство жана адабият ордени сыйланган. Ошондой эле Китон Карнеги-Меллон университетинин атайын чакырылган лектору болуп иштейт.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү