Макензи, Маккензи – Канаданын түндүк-батышындагы дарыя. Чоң Эрксиз көлүнөн башталып, Макензи ойдуңу аркылуу агат да Түндүк Муз океандын Бофорт деңизине куят. Өзүнүн Узундугу 1770 кмдей, Пис-Ривер менен (Финли дарыясынын башынан) 4250 км, алабынын аянты (Чоң Эрксиз көлүнүн алабына кирген Эрксиз, Пис-Ривер жана Атабаска дарыясынын системасы менен) 1804 миң км2. Ири куймалары: Лиард, Арктик-Ред-Ривер, Пил (сол), Чоң Аюулуу (оң). Жээги өтө саздак, карагай токою менен капталган. Кар, жамгыр сууларынан курулат. Жаз жана жай мезгилдеринде ташкындайт. Орточо чыгымы 14 миң м3/сек. Октябрдан июнга чейин тоңот. Кеме жолунун узундугу 2200 км. Боюнда Форт-Провиденс, Форт-Норман, Норман-Уэлс, Аклавик, Инувик калктуу пункттары жайгашкан. Дарыя, европалыктардын ичинен алгачкы жолу (1789) ал аркылуу сүзүп, Түндүк Муз океанга чыккан шотланддык көпөс, саякатчы – А. Макензинин урматынан аталган.

Макензи.

Колдонулган адабияттар түзөтүү