Макрух (арабча: مكروه - мааниси боюнча "жагымсыз", "начар", "жек көрүндү" дегенди билдирет. Шарият боюнча өтө эле катаал эмес бир таризде жасоого тыюу салынган жагымсыз иштерди билдирет. Харам менен макрух арасында айрым окшоштуктар бар. Экөө тең тыюу салынган, же жагымсыз жаман иштер. Бирок экөөнүн мазмун-маңызы бир кыйла айырмаланат.

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар () •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Харам - так жана күчтүү далилдер менен катуу тыюу салынган иш-аракеттер болсо, макрух анчалык катуу болбогон тыюу салууларга карата айтылат.

Макрух экиге бөлүнөт: 1) Харамга жакын макрух (макрух тахриимий): Даарат алганда, гусулда сууну ысырап кылуу ж.б. сыяктуулар буга мисал болот. 2) Харамдан алыс макрух (макрух танзиихий): Мурунду оң кол менен чайкоо ж.б. сыяктуулар.

Макрухтун ар бирин жасабаган адам соопко ээ болот. Ал эми харамга жакын макрухту жасаган адам акыретте жазага кабылат. Тек гана, муну жокко чыгарган адам динден чыкпайт. Харамдан алыс макрухту кылуу менен жазага тартылбайт.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү