Малиновский Родион Яковлевич

Малиновский Родион Яковлевич [11(23) 11. 1898, Одесса – 31. 3. 1967, Москва] – советтик аскер ишмери, Советтер Союзунун маршалы (1944), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1945, 1958). Биринчи дүйнөлүк жана жарандык согуштардын катышуучусу. 1930-жылы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүткөн. 1916-жылы орус экспедициялык корпусунун курамында Францияга жиберилген. 1919-жылы Россияга кайтып келип, Кызыл Армиянын катарына кирген. Жарандык согушта 27-аткычтар дивизиясынын курамында А. В. Колчак аскерлерине каршы күрөшкөн. 1937–1938-жылдары Испаниядагы жарандык согушка республикалык өкмөт тарапта катышкан. 1939-жылдан М.В.Фрунзе атындагы Аскер академиясында окутуучу болуп иштеген. 1941-жылдын март айынан 48-аткычтар корпусунун командачысы. Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылдын июнь айынан баштап катышкан. 1941-жылдын август айынан 6-армиянын, 1941-жылдын декабрынан 1942-жылдын июлуна чейин Түштүк фронттун, 1942-жылы августтан октябрга чейин 66-армиянын командачысы, 1942-жылы октябрь – ноябрь айларында Воронеж аскер фронтунун командачысынын орун басары, ноябрь айынан 2-гвардиялык армиянын командачысы, 1943-жылдын февралынан Түштүк фронттун, марттан Түштүк-Батыш (1943-жылы 20-октябрдан 3-Украин фронту деп аталган) фронттун аскер командачысы болуп, Украинанын оң жээгин, Донбассты, 1944-жылдын май айынан 1945-жылдын май айына чейин 2-Украин фронтунда Румыния, Венгрия, Австрия жана Чехословакияны фашисттик баскынчылардан бошоткон. 1945-жылдын июлунан Забайкал фронтунда аскер командачысы катары Жапониянын Манжуриядагы армиясын талкалашкан. 1945–1947-жылдары Забайкал-Амур, 1947–1953-жылдары Ыраакы Чыгышта башкы командачы, 1953–1956-жылдары Ыраакы Чыгыш аскер округунда командачы, 1956–1957-жылдары СССР Коргоо министринин 1-орун басары жана Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1957–1967-жылдары СССР коргоо министри болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (2–7-шайланышынын) депутаты. Сөөгү Кызыл Аянтта Кремль дубалына коюлган. «Алтын Жылдыз» медалы, 5 Ленин ордени, Жеңиш, 3 Кызыл Туу, эки 1-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Кутузов ордендери, чет мамлекеттердин 16 ордени менен сыйланган. Одессада колодон бюсту тургузулган. Ысмы Москва, Киев ж. б. шаарлардын көчөлөрүнө ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү