Мамай [туулган жылы белгисиз – 1380, Каффа (азыркы Феодосия шаары) – Алтын Ордонун аскердик жана мамлекеттик ишмери. Бердибек хандын күйөө баласы (1357–61), (анын кызы Ханумга үйлөнгөн). 1362-жылы Алтын Ордонун батыш бөлүгү (Крымдан Волганын оң жээгине чейин) толук бойдон Мамайдын карамагында болгон. Ал Европа мамлекеттери менен (Генуя, Улуу Литва княздыгы, Венеция ж. б.) достук мамиле түзүүгө аракеттенген. Алтын Ордонун күч-кубатын калыбына келтирүү үчүн аракеттенип, орустарга каршы бир нече жолу казатка аттанган. Анын кошууну Рязань (1373, 1378) жана Нижегород (1378) княздыктарына бир топ зыян келтирип, Москва княздыгына чабуул жасоодо Вожа дарыясындагы (1378) жана Дондогу Куликов (1380) салгылаштарда Москва князы Дмитрий Донскойдон жеңилүүгө учураган. 1380-жылы Калка дарыясында Токтомуш Мамайдын аскерлерин талкалап, Алтын Ордону толук бойдон өзүнө караткан. М. Каффага качып барып, ошол жерде өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү