Мамонт (лат. Mammuthus primigenius) — пилдердин тукум курут болгон түрү. Евразия, Түндүк Америкада плейстоцендин 2-жарымынан белгилүү. Азыркы пилден чоң (бийиктиги 2,5–3,5 м), буттары, куйругу кыска, жүнү узун, кылкыйма тиштери өтө ийилген. Арктикалык шалбаалуу талаа жана тундранын ачык ландшафттарында жашаган. Бадал жана чөп менен азыктанган. Мамонт плейcтоцендин аягында, голоцендин башында климаттык жана ландшафттык шарттын өзгөрүшүнө байланыштуу тукум курут болгон. Түндүк Сибирдин жана Альясканын көп жылдык муз катмарынан жумшак ткандары, териси, жүнү менен сакталган мамонт табылган. 1977-жылы Магадан областында мамонттун баласынын мумия сөөгү табылып, анын карыны менен ичегисинде тамагынын калдыктары сакталган (ал 40 миң жылча мурда жашаган).

Мамонт
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Mammuthus Brookes, 1828


Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө
NCBI  37348
EOL  3014669

Булактар түзөтүү