Маморе (жогорку агымында – Рио-Гранде) – негизинен Боливия жана анын Бразилия менен чек арасы аркылуу аккан дарыя. Бени дарыясы менен кошулуп, Мадейраны түзөт. Узундугу 2300 км, алабынын аянты 620 миң км2. Борбордук Анд тоолорунун чыгыш кырка тоолорунан башталып, Боливиянын саванналуу жана саванна-токойлуу түздүгү боюнча агат; төмөнкү агымы босоголуу. орточо чыгымы 8100 м3/сек. Чакан кемелер жүрөт.

Маморе.

Колдонулган адабияттар түзөтүү