«Манас» ордени — Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыгы. 1996-жылы 16-апрелде «Кыргыз Республикасынын мимлекеттик сыйлыктары» мыйзамынын негизинде түзүлгөн.

«Манас» Ордени
I-даража
II-даража
III-даража
Өлкө

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Тип

Орден

Статус

ыйгарылат

Статистика
Түзүлгөн күн

1996-жыл 16-апрель

Биринчи ыйгарылган

1997-жыл 4-февраль

Ордендин статутуту түзөтүү

«Манас» орденинин статуту 1996-жылдын 10-июльда Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен бекитилген:

  «Манас» ордени менен мамлекеттин биримдигин сактоого жана аны коргоого, демократиялык коомду түзүүгө, элдин биримдигин жана руханий, интеллектуалдык денгээлин көтөрүгө, мамлекеттин экономикасын жогорулатууга салымын кошкон жарандар сыйланышат.  

Ордендин сүрөттөлүшү түзөтүү

«Манас» ордени үч даражадан турат:I даражадагы «Манас» ордени, II даражадагы «Манас» ордени, III даражадагы «Манас» ордени. Орден менен сыйлануу баскыч менен жүргүзүлөт, башкача айтканда, алгыч үчүнчү даражадагы орден менен сыйланышы керек. Кыргыз Республикасынын Президенти гана, эки баскычтан өтүп, биринчи даражадагы сыйлыкты ыйгара алат.

I даражадагы «Манас» ордени түзөтүү

I даражадагы «Манас» ордени эки бөлүктөн турат - 60 мм болгон сегиз кырдуу алтын жылдыздан жана анда бекитилген бири-бири менен чырмалышкан суу менен асмандын түсүндө - жашоону тутандырган көк түс менен боёлгон эки төрт бурчтан, ошондой эле кызыл түс менен бастырылган жана күндү элестеткен, борбордук тегерек формадан. Ал эми ал формада шамаалга желегин желбиретип, төшүн тоскон, жылкы минип турган Манастын сөлөкөтү түшүрүлгөн.

II даражадагы «Манас» ордени түзөтүү

II даражадагы «Манас» ордени, I даражадагы орденге окшош келет. Бирок, сегиз кырдуу жылдыз күмүштөн жасалган; алтындан болсо: жылдаздын нурларынын айланасына тегерек форманы түзгөн сегиз жалбырак жана анын борбору түшүрүлгөн. ал эми чырмалышкан эки төрт бурчтуктун бурчтары алтын баскычтар менен бекитилген. Колдонулган эмалдар - көк жана кызыл түстөр.

III даражадагы «Манас» ордени түзөтүү

III даражадагы «Манас» ордени толугу менен күмүштөн жасалган. Колдонулган эмалдар - көк жана кызыл түстөр.

Орден менен сыйланган инсандар түзөтүү

I даража:

II даража:

  • Керимбүбү Шопокова жана Кудайберген Чыныбаев, эмгек ветерандары — ден-соолугунун жана турмушунун оорчулугуна карабастан мамлекеттин экономикасынын жогорулашына салымдарын кошкондуктары үчүн.

III даража:

Кошумча маалымат түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү