Манеж (французча manege) – 1) атты көндүрүү, атчан жүрүүгө үйрөтүү, ат спорт мелдештерин өткөрүү үчүн курулган чарчы аянт же тегерек имарат. Манеждин таманына кум, таарынды же топурак төшөлөт. Үстү жабык түз бурчтуу манеждин жолунун уз. 130 м, тегерегиники 100 м. ачык манеждин жолу чымдуу, катуу топурактуу, кумдак келет. Азыр манеж ипподромго жакын курулат; 2) цирк манежи – оюн көрсөтүлүүчү диаметри 13–14 м келген тегерек аянтча; 3) спорт манежи – гимнастика, жеңил атлетика жана спорт-оюндары боюнча мелдеш өткөрүү, ошондой эле машыгуу, окуу иштери үчүн курулган имарат; дене тарбия жана спорт окуу жай комплексинин бөлүгү. Ачык манеж тегерек (160–250 м) жана түз (60–120 м) чуркоо жолу, узундукка, бийиктикке секирүү, ядро түртүү секторлору, волейбол, баскетбол аянттары, спортсмендер үчүн кошумча имараттары, кээде көрүүчүлөр үчүн орундар болот; 4) жаңыдан баса баштаган балдар үчүн жасалган жыгач тосмочо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү