Карл Густав Эмил Маннергейм

Маннергейм, Карл Густав Эмил‎»‎ барагынан багытталды)

Карл Густав Эмил Маннергейм — (16-июнь 1867-жылы, Орусия империясы, Улуу Финляндия княздыгы, Або-Бьёрнеборг губерниясы, азыркы Турку шаарына жакын, Вильняс кыштагы — 28-январь 1951-жылы Швейцария, Лозанна, сөөгү Хельсинкидеги Хиятание көрүстөнүнө коюлган) — барон, финн мамлекеттик жана аскер ишмери, маршал (1942).

Маршал К.Г.Э.Маннергейм

Өмүр баян түзөтүү

1889-жылы Санкт-Петербургдагы Николаевск кавалериялык окуу жайын бүтүргөн.

1917-жылга чейин орус армиясында кызмат өтөгөн.

Биринчи дүйнөлүк согушта командачысы; генерал-лейтенант (1917); 1918-жылы актар командачысы болуп, германиялык интервенттер менен бирге Финляндия революциясын (1918) баскан.

1918-жылдын декабрь айынан 1919-жылдын июль айына чейин Финляндия регенти, финн армиясынын башкы командачысы, 1922–1951-жылдары Финляндия Кызыл Крестинин төрагасы.

1931–1939-жылдары Мамлекеттик коргонуу кеңешинин төрагасы, 1939-жылдан финн аскеринин башкы коман­дачысы.

1939–1940-жылдары советтик-финн согушунда жана 1941–1944-жылдары фашисттик Германиянын союздашы катары финн армиясын жетектеген.

1944-жылы советтик өкмөт койгон шарттар боюнча Маннергейм агрессивдик Берлин пактысынан (1940) жана согуштан чыгууга мажбур болгон.

1944–1946-жылдары Финляндия президенти болуп иштеген.

Кыргыз таануу багыты түзөтүү

Маннергейм 1906-ж. июнь-июль айларында Кыргызстандын Алай өрөөнүнө келип, Курманжан датка жана анын уулу Асанбек менен жолугуп, алай кыргыздары жөнундө маалымат топтоп жана аларды биринчи жолу фотосүрөткө тартып кеткен.

Сыйлыктары жана Наамдары түзөтүү

К.Маннергейм жалпысынан 123 орден жана медал менен сыйланган[1].
4-даражадагы Ыйык Георгий ордени менен сыйланган.

Финляндиянын маршалы наамын алган.

Эс тутум түзөтүү

1960-жылы Хельсинкинин борборуна Маннергеймдин эстелиги тургузулган.

Булактар түзөтүү

  • Mannerheim, Carl Gustaf Emil (1953). The Memoirs of Marshal Mannerheim. London: Cassell. OCLC 12424452.
  • Clements, Jonathan (2009). Mannerheim: President, Soldier, Spy. London: Haus Publishing. ISBN 978-1907822575.
  • 1999: Petteri Koskikallio, Asko Lehmuskallio, and Harry Halén. C. G. Mannerheim in Central Asia 1906–1908. Helsinki: National Board of Antiquities. ISBN 951-616-048-4.

Тышкы шилтемелер түзөтүү

  1. https://terijoki.spb.ru/history/templ.php?page=mannerg&lang=ru