Манометр (гр. manos — сейрек, тыгыз эмес жана ...метр) — суюктуктар менен газдардын басымын өлчөгүч при­бор.

Ал нөлдөн баштан эсептелген абсолюттук жана ашыкча басымды, б. а. абсолюттук басым атмосфералык басымдан ашыкча болгондо, ал экөөнүн ортосундагы айырманы өлчөөчү Манометр болуп айырмаланат. Ар бири атмосфералык басымдан башкача болгон эки басымдын айырмасын дифманометр, атмосфералык басымга туура келген басымды баро­метр, сейрек газдардын басымын ва­куумметр менен өлчөйт. Манометрдин негизи — басымды сезгич элемент.

Конструкциясы жана сезгич элементинин иштөө принцибине жараша Манометр сүгөктүктүү, поршендүү, пружиналуу (деформациялануучу) болуп ажыратылат, Суюктуктуу Манометрде өлчөнө турган басым менен тең салмактала турган суюктук мамысы сезгич эле­мент болот. Поршендүү Манометрдин сезгич элементи — өлчөнө турган басымды жүк же күч ченегич түзүлүш менен тең салмактай турган поршень. Деформациялык Манометрде сезгич элемент болуп, ченеле турган басымды өзүнө кабыл ала турган серпилгич катмар эсептелет.

Бул катмардын деформацияланышы ошол басымды өлчөөнүн чени болот. Манометрдин шкаласы өлчөнүүчү басымга жараша керектүү бирдикке (кгк/м2, кгк/см2, бар ж. б.) бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.