Маньяни Анна (7. 3. 1908, Рим – 26. 9. 1973, ошол эле жер) – италиялык актриса. 1920-жылдардын аягында – 1940-жылдардын ортосуна чейин драма театрында жана эстрадада иштеген. 1930-жылдан киного тартылган («Сорентолук сокур кыз»). «Рим – ачык шаар» (Р. Росселлини) фильминде каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу, карапайым аял Пинанын ролун жараткан. Зор таланты, темпераменти, эмоциялуулугу актрисаны италиялык неореализмдин башкы актрисасына айландырды (Л. Дзампа, «Депутат Анжелина», Венециядагы ЭКФ сыйлыгы; Камерини, «Жолдордогу кыялдар» ж. б.). Италиялык «күлгүн реализм» мезгилинде чет өлкөлөрдө (Д. Манн, «Татуировкаланган роза», «Оскар» сыйлыгы; Ж. Кьюкор, «Жапайы шамал», Батыш Берлин ЭКФ сыйлыгыг ж. б.) жана мекенинде (Р. Кастеллани, «Шаардагы тозок» ж. б.) киного тартылуу менен талантына шайкеш роль табууга аракеттенген. 1962-жылы П. Пазолининин «Рома апай» фильминде башкы ролду аткарып, эненин кайгысы менен кубанычын гана эмес, ырайымсыз убакыттын жаргылчагынын чайнаганына моюн сунбаган күчтүү инсандын драмалуу образын жараткан. Театрда да ийгиликтүү иштеген (Пина, Ж. Верга, «Канчык карышкыр», 1965 ж. б.). Кинодогу акыркы ролу «Рим» (Ф. Феллини) фильминде эпизоддук ролго тартылып, өзүнүн ролун өзү аткарган (1972).

Колдонулган адабияттар түзөтүү