Бул — зергерчиликте бир чети асемдик буюм катары колдонулуп, жипке тизилип, мончоктой эле моюнга тагылган шуруунун бир түрү. Шуруудан жасалган кооздук. Ал желбирөөч (моюнга тагылуучу көркөм тумарча), жаак мончок, чач учтук өңдүүлөргө өткөрүлөт да, элечектин тартмасына, чыны каптын, кайчы каптын, күзгү каптын бетине, шөкүлөнүн, тыш кийимдин жана ушул сыяктуулардын өңүрүнө бастырылат. Кыз-келиндердин кооз буюмдарындай эле алар токуна турган ат жабдыктарына да маржан шурулары бастырылган.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)