Марий тили, черемис тили – марийлердин тили. Финн-угор тилдеринин волга тобуна кирет. Марий Эл Республикасына, Башкыртстанга, Татарстанга, Удмуртияга, Тюменге жана Пермь аймактарына тараган. Мүчөлөмө (агглютинациялама) тил. Үч диалектиси бар жана алардын айырмасы фонетикадан даана байкалат. Лексикасында финн-угор, орус жана түрк тилдеринен кирген сөздөр арбын. Жазмасы орус графикасынын негизинде калыптанган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү