Маркоман согушу(166—180)герман жана сармат урууларынын Рим империясына ачкан согушу.

Маркоман, квад, гермундур ж. б. уруулар Рейн-Дунай чек арасын бузуп, Түн. Италияга каптап кирген; Аквилейаны курчап, Опитергий шаарын талкалаган. Алардын кысымын император Аврелий 172—174-ж. араң токтоткон. Герман уруулары кайра жапырык жасаган. Рим императору Коммод алар менен тынчтык келишимин түзгөн. Ал келишим боюнча римдиктер да, герман-сармат уруулары да согуш чыкканга чейинки чектеринде калышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.