марксизм-ленинизмМаркс менен Энгельстин философиялык, экономикалык жана социалдык-саясий көз караштарынын системасын билдирүүчү, жаңы шарттарда Ленин өнүктүргөн термин. «Марсизм-ленинизм» термининин өзү Лениндин ишмердүүлүгү менен байланышкан марксизмдин өнүгүшүнүн жаңы этабын белгилөө үчүн 20-жылдардын башталышында колдонууга киргизилген. Лениндин өзү эч качан өзгөчө, бир бүтүндөн турган теориялык-философиялык системаны түзүүгө аракеттенген эмес жана өзүн Маркс менен Энгельстин шакирти катары гана, ал эми өзүнүн теорияга кошкон салымын марсисттик окуунун бөлүгү катары гана караган.

Маркс, Энгельс, Ленин, Сталин (Берлин, 1953).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8