Донской Марк Семёнович (21. 2 (6. 3). 1901-ж. т., Одесса) - советтик кинорежиссёр, кинодраматург.

СССР эл арт. (1966), Социалисттик Эмгек Баатыры (1971). 1945-жылдан КПСС мүчөсү. Симферополь университетинин укук бөлүмүн бүтүргөн. 1926-жылдан кино өнөрү майданында иштейт. Алгачкы фильмдери (М. А. Авербах менен бирге): «Чоң шаарда» (1928), «Адам бедели» (1929).

Донскойдун атын чыгарган - «Бакыт жонүндө ыр» (1934, В. Г. Легошин менен бирге) фильми. М. Горькийдин автобиографиялык трилогиясы боюнча «Горькийдин бала чагы» (1938), «Көрүнгөндүн колунда» (1939, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941), «Менин университеттерим» (1940) фильмдерин тарткан.

Башка фильмдери: «Болот кантип курчуду» (1942, Н. А. Островскийдин романы боюнча), «Кок желе» (1944, В. Л. Василевскаянын повести боюнча, СССР мамлекеттик сыйл., 1946), «Айылдык мугалим» (1947, СССР мамлекеттик сыйл., 1948), «Эне» (1956), «Фома Гордеев» (1959) ж. б.

60-жылдары Донской лениндик темага кайрылып, «Эне жүрөгу» (1966, СССР мамлекеттик сыйл., 1968), «Эне ишеними» (1967) деген фильмдерди койгон. Донскойдун көп фильмдери советтик кино өнөрүнүн классикалык чыгармаларына айланган. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.