Марсель – Франциянын түштүгүндөгү шаар. Жер Ортолук деңиздин Лион булуңунун жээгинде, Рона дарыясынын чатына жакын жерде жайгашкан ири порт (жылына 100 млн тонна жүк ташылат). Буш-дю-Рон департаментинин административдик борбору. Калкы 780 миң (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Парижден кийинки 2-шаар). Шаар айланасы жана шаар жандоочулары менен Марсель шаар агломерациясын (калкы 1,6 млн) түзөт. Франциядагы эң көп улуттуу шаар. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Биздин заманга чейинки 600-жылы гректердин ээлиги (Массалия) катары негизделген. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, кеме жана авиа куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Бир нече университеттер жана музейлер (анын ичинде археологиялык, көркөм-өнөр, Эски Марсель, антика соодасы ж. б.) бар. Шаардын эски бөлүгүндө роман-готика стилиндеги Сен-Виктор чиркөөсү (11–15-кылым, крипта – 5-кылым), Ла-Мажор эски собору (12–15- кылым), Нотр-Дам-де-ла-Град (14-кылым) сакталган. Жыл сайын китеп майрамы, фестивалдар (орус театры, документ кинолордун, дикий музыка), Марсель Ярмаркасы өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак, зоопарк, аквариум уюштурулган. Круиз туризми (640 миңге жакын круиз кемелери бар, 2010) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү