Маститэмчектин сезгениши. Ал ириң пайда кылуучу микробдордун (айрыкча стафилококк) сүт бездерине киришинен (эмчектин жарылып кеткен үрпү аркылуу) пайда болот. Мастит менен көбүнчө бала эмизген (лактациялык мастит) аялдар, айрыкча биринчи төрөгөндөр ооруйт. Анткени алардын үрпүнүн териси өтө назик келип, бат жараланышы мүмкүн. Анын үстүнө жаш эне баланы туура эмес эмизүүдөн эмчек жабыркап, кесилип кетет да, эмгенде ооруп, бала эмчектеги сүттү толук эме албайт. Ошондой эле эмчекти туура эмес саап, өздүк гигиена эрежелерин сактабаганда да болушу мүмкүн. Мастит катуу кармаган жана өнөкөт (ириңдүү жана ириңсиз) болуп айырмаланат. Оорулуунун денеси ысып (39°ка чейин), өзүн начар сезип, башы ооруйт. Экинчи суткада жабыркаган эмчек катууланып, кызарып ооруйт, чыңалып чыгат. Эгерде дарылоо өз убагында башталса, бир нече күндөн кийин эле айыгат. Дарылоо маститтин түрүнө жараша жүргүзүлөт. Оору күчөй электе консервативдик жол менен дарылайт. Эмчекти таңып, сүтүн саап, ар түрдүү дарылар берилип, физиотерапия процедуралары сунуш кылынат. Өз алдынча ар кимдин кеңеши менен дарыланууга болбойт. Ириң тээп күчөп кетсе хирургиялык жол пайдаланылат. Маститти алдын алууда эмчекке массаж (укалоо) жасоонун мааниси чоң. Мындай укалоону ар бир аял өзү жасай алат. Колду самындап жылуу суу менен жууп, анан бир нече минута саат жебесинин багытында ар бир эмчекти сылап, укалайт. Үйдү жакшылап желдетип же форточканы ачып, эмчекти жылаңачтап 10 —15 мин. төшөккө чалкадан жатып, аба ваннасын алып туруу да пайдалуу. Аялдын организминдеги сезгенүү очогунан (чириген тиш, өнөкөт тонзиллит) микроб кан менен эмчекке келиши мүмкүн, ошондуктан бойго болгондо бул ооруларды дарылоо өтө маанилүү. Бала төрөлгөндөн кийин күн сайын эмчек тарткычты алмаштырып, эмчекти жакшылап жууп (самындап жылуу суу менен), атайын бөлүнгөн таза сүлгү менен сүртүү сунуш кылынат. Муну эмчектин үрпү жарылып кетпегидей этияттык менен жасоо зарыл. Баланы эмизгенге чейин жана эмизгенден кийин эмчектин үрпүн кайнаган жылуу суу менен жууп же бор кислотасынын эритмесине малынган чүпүрөк менен аарчуу керек. Бала эмчектин үрпүн толук соруп эмишине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бала ээмп бүткөндө эмчекте калган сүттү бүт саап таштаган оң. Эмчектин үрпү кесилсе же эмчек катууланса, өзгөчө кызарып кетсе же ооруса, дене ысыса (маститтин башталышы) токтоосуз врачка кайрылуу зарыл. Врач көргөнгө чейин баланы эмизүүнү жана эмчектеги калган сүттү саап салууну токтотуу жарабайт.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8