Математикалык физика – физикалык кубулуштардын математикалык моделдер теориясы. Математикалык моделдерди түзүү жагы математикалык физика илими менен, ал эми моделдерди изилдөө методу математика илими менен тыгыз байланыштырат. Математикалык физика методу жөнүндөгү түшүнүккө физикалык кубулуштарды мүнөздөөчү математикалык моделдерди түзүү жана аны изилдөө үчүн колдонулуучу математикалык методдор кирет. Көптөгөн физикалык кубулуштардын математикалык моделдерин изилдөө үчүн математикалык физиканын методдорун өнүктүрүүдө жана ийгиликтүү колдонууда Ж. Лагранж, Л. Эйлер, П. Лаплас, Ж. Фурье, К. Гаусс, Б. Риман, М. В. Остроградский, А. М. Ляпунов, В. А. Стеклов ж. б. көрүнүктүү илимпоздор зор салым кошкон. 19-кылымдын 2-жарымынан электр-динамикада, акустикада, гидро- жана аэродинамикада, серпилгичтүүлүк теориясында, туташ чөйрөдө ар кандай физикалык талаа жана толкундар менен байланыштуу болгон физикалык кубулуштарды изилдөөдө математикалык физика методдору кеңири колдонулган. Физикалык кубулуштардын математикалык модели көп учурда айрым туундулуу дифференциалдык теңдемелер менен жазылып, ал математикалык физиканын теңдемеси деп аталат. Мисалы, бир тектүү ичке зымдын эркин термелүүсүн баяндай турган (формула түрүндөгү) жөнөкөй гиперболалык теңдеме акустиканын, гидро- жана электр-динамиканын толкун процесстеринин бир топ кубулуштарын баяндоо үчүн да колдонулат. Физиканын кванттык электр-динамикасы, талаанын аксиомалык теориясы боюнча жүргүзүлгөн теориялык изилдөөлөр математикалык физиканын маанилүү бир тармактарын (жалпыланган функциялар теориясы жана үзгүлтүксүз спектрдүү операторлор теориясы ж. б.) түзүүгө алып келди. Физиканын математикалык моделдерин математикалык методдор менен изилдөө жалаң гана физикалык кубулуштардын сандуу мүнөздөмөлөрүн алууга жана чыныгы процесс­тердин жүрүшүн каалагандай эсептеп чыгарууга мүмкүндүк берет. Математикалык моделдерди абдан так изилдөө үчүн ЭЭМ колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү