"Матилда" (англ. Matilda) — британиялык жазуучу Роалд Дал жазган балдар романы. "Матилда" 1999-жылы Балдар китеби сыйлыгына татыктуу болгон. Ал 1988-жылы Лондондогу Jonathan Cape басмаканасы тарабынан Квентин Блэйктин 232 беттик иллюстрациясы менен басылып чыгарылган. Чыгарма аудио китепке ылайыкташтырылып, аны актриса Кейт Уинслет окуган. 1996-жылы тасмасы тартылып, Дэнни Де Вито режиссер болгон. Би-Би-Синин эки бөлүктөн турган берүүсүнө да ылайыкташтырылып, анда Лорен Моте (Матилда), Эмералд О'ханрахан (Мисс Хани), Никола Маколифф (Мисс Транчбулл) ролдорду аткарышып, Ленни Генри тарабынан баяндалган. Ошондой эле, 2010-жылы мюзикли жарык көргөн.

2012-жылы "Матилда" School Library Journal журналынын бардык балдар романдары боюнча, ай сайын, негизинен АКШдагы окурмандардын арасында, жүргүзгөн сурамжылоосунун натыйжасында 30-катардан орун алган. Бул Далдын Мыкты 100гө кирген төрт китебинин алгачкысы. Бул башка жазуучулардыкынан көп дегенди билдирет.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү