Матриархат же энебийлик - (лат. mater - эне, arche - бийлик - эненин бийлиги) - коомдук - социалдык структурасында аял үстөмдүк абалды ээлеген алгачкы коомдун тарыхындагы божомолдуу мезгил, аялдын үй-бүлөдөгү жана коомдогу үстөмдүк кылган абалын белгилөө үчүн колдонулуучу термин. Этнографиялык адабияттарда бул илимий терминдин бир нече мааниси аталып жүргөнү маалым. Бир кыйла кенен тараганы матриархалдык теория. Ал боюнча коомдук түзүлүштүн башталышында аял (эне) үстөмдүк кылат. Бул теория болсо энелик уруктун тарыхый алгачкылыгына негизденген жана патриархалдык теорияга каршы күрөштө пайдалуу ролду ойнойт. Матриархат - адамзат коомунун өнүгүүсүнүн узакка созулган мезгили. Энелик доордо урукта (урууда) аялдар социалдык түзүлүштүн чокусунда турушу коомдо башкаруучу милдетти аткарышкан. Коомдогу адамдардын өз ара мамилелери алардын коомдогу ээлеген орду жана укуктары энелик урук аркылуу ишке ашырылган. Матриархат же матриархалдык түзүлуш алгачкы общиналык (жамааттык) коомдогу аялдардын үстөмдүк абалын билдирген. Тууганчылык эне аркылуу болгон. Матриархат аялдардын эркектерге караганда өндүрүмдүү эмгек кылуусунун натыйжасында келип чыккандыгы илимде далилденген. Бийликти аткаруучулар ошол эне уругунан тараган эркектер болушкан. Аялдын (эненин) коомдогу ролунун өзгөчөлүгү өтө төмөнкү деңгээлде өнүккөн чарбалык ишмердүүлүккө байланыштуу болгон. Аялдар урукта (урууда) уй чарбасынын түйшүгүн, бала тарбиялоону, жашоо үчүн зарыл болгон жыйноочулук иштерин аткарышкан. Адамзат металл иштетүүнү өздөштүргөнгө чейин аялдын уруудагы үстөмдүгү сакталып кала берген. Бул болжол менен б.з.ч. 10 миң жыл илгери болуп өткөн. Мүлктү жана социалдык абалды мурастоо аял тарабынан жүрөт, үйлөнгөндөр айрым жашашат же эненин уругунда турушат. Коомдук түзүлүштүн бул тиби алгачкы коомдун баштапкы стадиясында жана патриархатка чейин болгон деп божомолдонот. Бул мезгилдин болушу байыркы авторлордун амазонкалар жөнүндөгү легендарлуу билдирүүлөрүндө жана эркектерге каршы күжүрмөн маанайдагы аял уруулары тууралуу айрым этнографиялык материалдарда чагылдырылган. Азыркы этнологияда матриархат деп кишилердин коомдук абалы жана укугу энелик багыттагы тууганчылык даражасы менен аныкталуучу энелик урук үстөмдүк кылган тарыхый мезгилди түшүнүшөт. Кыргыз коомунда энелик доордун таасири, анын айрым элементтери сакталып келет. Мисал катары Наалы эже, Бугу эне, Зуура эже, Эне- карышкыр жана башка уламыштарды келтирүүгө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү