Маурьялар – биздин заманга чейинки 4–2-кылымдагы байыркы Индиядагы Магадха падышаларынын династиясы. Аны Чандрагупта I Маурья (биздин заманга чейинки 317–293-жылдары башкарган) негиздеген. Ал Магадхага Түндүк-Батыш Индия менен Чыгыш Афганстанды кошкон. Биндусара (биздин заманга чейинки 293–268-жылдары башкарган) Маурьялар империясынын чек арасын Деканга чейин кеңейткен. Маурьялар мамлекети Ашоканын учурунда (биздин заманга чейинки 268–232-жылдары башкарган) катуу күчөп, Калингу мамлекетин караткан жана Индиянын башка мамлекеттер менен маданий, экономикалык байланышын кыйла кеңейткен. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын аягы – 2-кылымдын башында Маурьялар мамлекети начарлай баштаган. Маурьялардын акыркы өкүлү Брихадратха биздин заманга чейинки 180-жылы кол башчысы Пушьямитро тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин, бул династия жашоосун токтоткон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү