Мафия

коркутуп-үркүтүп, зордоо, өлтүрүү ыкмалары менен аракеттенүүчү жашыруун кылмыштуу уюм же топ

Мафия (италянча mafia) – коркутуп-үркүтүп, зордоо, өлтүрүү ыкмалары менен аракеттенүүчү жашыруун кылмыштуу уюм же топ; Түштүк Италияга мүнөздүү этностук жамааттык уюмдун аты. Мафия 18-кылымда Италиянын Сицилия аралында калктын өзүн-өзү коргоочу уюму же жер ээлеринин жекече сакчысы катары пайда болгон. 20-кылымда Италияда, ошондой эле италиялык диаспора аркылуу бир катар башка өлкөлөрдө кылмыштуу бизнеске (соода), сойкулукка ж. б. көзөмөл жүргүзүп, коомдун саясий курамдары менен ымала түзгөн. Мафиянын өзгөчө криминологиялык феномен катары айрыкча белгиси – анын үрп-адаттардан, уруу-тек калдыктарынан пайдаланышы, бул болсо мафияга өзгөчө туруктуулук жана бекем башкаруучулук мүнөз берет. Мафия кландардан турган жана жакшылап уюштурулган системага ээ, мындай клан өкүлдөрүнөн бириккен кеңеш түзүлөт. Азыркы учурда «мафия» деген термин көбүнчө уюшкан кылмыштуулуктун синоними катары да колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү