Махорка, көк тамеки (Nicotiana rustica) – өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумунун тамеки уруусуна кирген бир жылдык өсүмдүк. Сабагы тик өсөт, көп кырдуу, бийиктиги 0,8–1,5 мдей. Жалбырагы жүрөк сымал, калың, майда түктүү, жабышкак шире менен капталган. Жалбырагынын саны сортуна жана багууга жараша 12ден 20га чейин жетет, сабакта кезектешип жайгашат. Өзөк тамырлуу, тамыры топуракка 2 мдей сүңгүйт. Топ гүлү – шыпыргы сымал, гүл желекчеси жашыл же саргыч жашыл. Нымдуулукту, жылуулукту жакшы көргөн, көп түшүм берүүчү өсүмдүк. Орточо түшүмү гектарынан 25–30 ц кургак жалбырак, ал эми сабагы менен кошо эсептегенде 35–40 цди түзөт. Вегетация мезгили 120–140 күндү түзөт. Мөмөсү эки кабыктуу, көп уруктуу кутуча. Уругу майда, күрөң түстө, 1000 данынын салмагы 0,25–0,35 г. Махорканын үрөнү 7–8°Сде жер бетине өсүп чыгат. Абанын температурасы 20–25°Сде жакшы өсөт. Суукка байымсыз, –2–3°С суукта үшүп кетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү