"Маякка сапар" (англ. To the Lighthouse) - 1927-жылы Виржиния Вулф жазган роман. Романда Рэмсилердин 1910-1920-жылдар арасында Шотландиядагы Скай аралына барганы баяндалат.

Виржиния Вулф (1927).

Марсель Пруст жана Жеймс Жойс аттуу модерн жазуучулардын стилин коштоп улаган романдын сюжети экинчи планга түшүп, философиялык интроспекциясы алдынкы орунду ээлейт. Курамдуу фокализация адабий сөз каражатынын эң көрүнүктүү мисалы катары, роман бир аз маектен жана аракеттен түзүлүп, көптөгөн учурда ойлонууну жана байкоо жүргүзүүнү камтыйт. Роман балалык чактагы эмоцияларды эскертип, баралына келген адамдардын ортосундагы мамилелерге чоң маани берет. Субъективдүүлүгү аз болгон искусствонун табияты жана кабыл алуунун маселелери бул китептин темалары болуп каралат.

1998-жылы Modern Library "Маякка сапар" романына англис тилинде жазылган XX кылымдын 100 эң мыкты романдарынын тизмесинде 15-орунду ыйгарды. 2005-жылы TIME журналы романды 1923-жылдан бери келе жаткан англис тилинде жазылган 100 эң мыкты романдарынын бири деп тандады.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү