Медицинанын тарыхы. Дарыгерлик адамдын алгачкы жашоо мезгилинде эле пайда болгон. Көп жылдар бою байкоолордун жана тажрыйбалардын негизинде келип чыккан элдик медицинанын дарылоо ыкмалары муундан муунга сакталып келген. Алдын алуу жана дарылоодо табыгый факторлордун (суу, күн нуру, аба) өсүмдүк жана жаныбардан алынган дарыларга чоң маани берилген. Мында диетага, массаж, суу процедурасы, гимнастика жасоого көп көңүл бурулган. Бул мезгилдеги дарыгерлик өнөр байыркы грек дарыгери — Гиппократтын ысмы менен байланыштуу. Ал оорулууга байкоо жүргүзүү менен көп оорулардын пайда болуу себептерин жазып, оору жашоо-тиричиликке, курчап турган айлана-чөйрөгө, негизинен климатка байланыштуу экендигин көрсөтүп, ага диагноз коюуда, дарылоодо жекече мамиле жасоону негиздеген. Медицинанын өнүгүшүнө римдик дарыгер К. Гален чоң таасир тийгизген, ал анатомия, физиология, патология, терапия, акушерлик, гигиена, фармакология боюнча маалыматтарды жалпылап, медицинанын илимий системасын түзүүгө аракеттенген. Орто кылымда Медицина Батыш Европада анча өнүккөн эмес. Ал диний мүнөзгө өткөн. 9 — 11-кылымда илимий медициналык ой-пикир араб өлкөлөрүнө тараган. Медицинанын өнүгүшүнө Орто Азияда жашаган атактуу илимпоз Ибн-Сина (Авиценна) чоң салым кошкон. Анын «Дарыгерлик илимдин канону» аттуу эмгеги медициналык билимдердин энциклопедиялык жыйындысы болгон. 16—19-кылымда Медицина жай өнүккөн. Кайра жаралуу доорунда А. Везалий өлүктү союп көрүп, дененин түзүлүшүн жана функциясын сыпаттап жазган. Англиялык дарыгер У. Гарвей кан айлануу жөнүндөгү окууну ачып (1628), азыркы физиология илимине негиз салган. Мындан башка 16-кылымда италиялык врач Ж. Фракасторо жугуштуу оорулар жөнүндөгү окууга, франциялык дарыгер А. Паре хирургияга алгачкы илимий негиз салган. Өнөр жайдын өнүгүшү кесип ооруларын изилдөөгө алып келген. 17 — 18-кылымда италиялык дарыгер Б. Рамаццини (1633 —1714) өнөр жай патологиясын жана эмгек гигиенасын изилдей баштаган. 18-кылымдын 2-жарымында жана 19-кылымдын 1-жарымында аскер жана деңиз гигиенасы негизделген. Оорулууну каккылоо (Л. Ауэнбруггер, Ж. Корвизар жана башкалар), тыңшоо (Р. Лаэннек жана башкалар), кармалоо, лабораториялык анализ жүргүзүү методдорунун иштелип чыгышы клиникалык медицинанын өнүгүшүнө түрткү болду. Клиникалык байкоолорду, өлгөндөн кийин аны союп туруп салыштыруу методун колдонуу патологиялык анатомия жана гистологиянын калыптанышына алып келди. Көп өлкөлөрдө жаныбарларга эксперимент жүргүзүп, нормадагы жана бузулган функцияларды изилдөө медицинанын өсүшүнө чоң таасир тийгизди. Россияда эксперименттик фармакология илиминин өсүпгүнө Н. П. Кравковдун жазган эмгектери таасир тийгизген. Немец илимпозу Г. Гельмгольц (1821 —1894) көрүү органынын физиологиясы боюнча эмгегин жазган жана офтальмологая илими өнүккөн. К. М. Сеченовдун «Мээнин рефлекстери» (1863) аттуу эмгеги, С. П. Боткиндин ички оорулардын клиникасына илимий дисциплина катары негиз салышы, Г. А. Захарьиндин клиникалык мектепти негиздөөсү дүйнөгө орус терапиясынын даңкын чыгарган. 19-кылымдын 2-жарымында медицинанын жаңы илимий-практикалык тармактары пайда боло баштаган, мисалы, педиатрия (Н. Ф. Филатов), невропатология, психиатрия жана башкалар. Дарылоо медицинасы менен катар алдын алуу да өнүгө баштайт. Англиялык дарыгер Э. Женнер чечеккекаршы вакцина ачкан. Веналык дарыгер К. Земмельвейс (1815—1865) төрөттөн кийинки сепсистин себебин таап, дезинфекция методун сунуш кылган. Л. Пастер жугуштуу ооруларды микробдор пайда кыларын далилдеген. Анын изилдөөлөрүнө таянып, англиялык хирург Ж. Листер (1827 — 1912) хирургиялык операциядан кийин жана жараатты дарылоодо антисептикалык методду сунуш кылган (к. Антисептика, асептика). Микробиология, эпидемиология илимдеринин өнүгүшү менен түрдүү жугуштуу оорулардын козгогучтары жана аларды таратуучулар табылган. Орус окумуштуусу Д. И. Ивановский вирусологияга негиз салган. И. И. Мечников организмдин инфекцияга (ооруга) туруктуулугун — иммунитетти ачкан. М. Петтенкофер, А. П. Доброславин, Ф. Ф. Эрисмандын эмгектери гигиенанын илимий базасын түзгөн. 20-кылымда табият таануу илимдери менен техникалык прогресстин өсүшү медицинага зор ийгиликтер алып келди. Рентген нурунун ачылышы рентген-диагностикага негиз салган. Табигый радиоактивдүүлүктүн ачылышы радиобиологиянын өнүгүшүнө негиз болду. Голландиялык физиолог В. Эйнтховендин, орус физиологу А. Ф. Самойловдун жүргүзгөн иштеринен кийин жүрөк аритмиясын, миокарддын инфарктын жана башкалар ооруларды аныктоо үчүн электркардиография киргизилген. 20-кылымдын 2-жарымында медицинада электроника чоң роль ойноду. Түрдүү механизмдердин жардамы менен органдардын функциясын, системасын каттоо методдору; хирургиялык операция мезгилинде бөйрөк, жүрөк, өпкөнүн иштешин алмаштыруучу жасалма башкаруучу түзүлүштөр, электрондук микроскопиянын пайда болушу менен клетка түзүлүшүнүн эң майда бөлүкчөлөрүн жана алардын өзгөрүлүшүн изилдөө башталды. Медициналык кибернетика активдүү өнүктү. Техникалык прогресстин таасири менен медицинанын жаңы тармактары пайда болду. 20-кылымдын башында авиациянын өнүгүшү менен авиация медицинасы, адамдын космос кемесинде учушу менен космос медицинасы өнүктү (к. Авиация жана космос медицинасы). Химия жана биология илиминин жетишкендиктеринин натыйжасында практикада жаңы химиялык жана физикалык-химиялык изилдөө методдору киргизилди. Организмдин тукум куугучтугу жана өзгөргүчтүгүнүн закондору жөнүндөгү генетика (Г. Мендель негиз салган) илими пайда болгон жана анын өнүгүшүнө советтик илимпоздор Н. К. Кольцов, Н. И. Вавилов, А. С. Серебровский, Н. П. Дубинин жана башкалар чоң салым кошкон. Генетикалык код ачылып, тукум куума оорулардын себептерин табууга жана медициналык генетиканын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул илимий дисциплинанын жетишкендиктерине таянып, экспрессдиагноз коюу, тукум куума ооруларды алдын алуу жана дарылоо методдору иштелип чыгып, калкка жардам катары медицина-генетикалык консультация уюштурулган. К. Ландштейнер менен Я. Янский адамдын кан топторун (1900—1907) ачып, практикада кан куюу колдонула баштады. Австриялык педиатр К. Пирке аллергия терминин киргизип, теринин туберкулинге аллергиялык реакциясын туберкулёзду айыктыруу үчүн колдонууну сунуш кылган. 20-кылымда немец дарыгери П. Эрлих оору козгогучка таасир этүүчү препараттарды синтездөөгө мүмкүн экендигин аныктаган, ошондой эле химия-терапияны негиздеген. 1929-ж. Англияда А. Флеминг кебер козу карындын бир түрү бактерияга каршы зат — пенициллинди бөлүп чыгарарын далилдеген. 1939 —1941-ж. X. Флори менен Э. Чейн таза пенициллинди алуу методун иштеп чыгышкан. Биздин өлкөдө 1942-ж. 3. В. Ермольева 1-жолу ата мекендик пенициллинди алган. 1943-ж. АКШда С. Ваксман стрептомицинди бөлүп алган. Орус окумуштуусу Н. И. Лунин ачкан витаминдер жөнүндөгү окуу да ийгиликтүү өөрчүп, авитаминоздун алдын алуу жолдору табылган. 19-кылымда франциялык окумуштуу Ш. Броун-Секар жана башкалардын ички секреция бездер жөнүндөгү окуусу өз алдынча эндокринология илимине айланган. 1921-ж. канадалык физиолог Бантинг менен Бестин инсулинди ачышы кант диабетин дарылоого мүмкүндүк түзгөн. Химия, терапия, гормон менен дарылоо, борбордук нерв системасына таасир этүүчү психотроптук каражаттарды колдонуу, жүрөккө жана мээге жана башкалар операция жасоо медицинанын ары өнүгүшүнө көмөк көрсөттү.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8