Мел Колм-Килле Жерард Гибсон (англ. Mel Gibson;1956-жылы 3-мартта туулган) - америкалык актер жана режиссер. Ал Нү-Йорктогу Пикскилл шаарында туулуп, 12 жашка чыкканда ата-энеси менен бирге Австралиянын Сидней шаарына көчүп кеткен.

М. Гибсон "Өлтүрүүчү курал" (англ. Lethal Weapon) уруш тасмасында Мартин Риггстин жана "Акылынан адашкан Макс" (англ. Mad Max) аттуу үч бөлүмдөн турган уруш тасмасында Макс Рокатанскинин ролу менен белгилүү болгон актер.

М. Гибсон Сиднейдеги театралдык искусство боюнча улуттук институтта окуган. 1980- жылдарда ал "Icon Entertainment" кино компаниясын негиздеген, көз карандысыз режиссер Атом Ягояндын пикиринде бул компания -"кино студия системасынын алтернативасы" болгон. Режиссер Питер Уир актерду "Галлиполи"(англ. Gallipoli, 1981) деген биринчи дүйнөлүк согушту чагылдарган тасмада башкы ролго чакырган. М. Гибсон ушул тасмадагы ролу үчүн Австралия киноинститунун сыйлыгын "Эң мыкты актер" номинациясын жеңип алган. Бул фильмде М. Гибсон дасыккан чебер актер катары элдин сынынан өтүп, абройго ээ болгон.

М. Гибсон "Эр жүрөк" (англ. Braveheart, 1995) тасмасынин сценарийин жазып, койгон жана баш каарманды аткарган. Бул тасмадагы ийгилиги үчүн "Алтын глобус" сыйлыгын, "Эң мыкты фильм" жана "Эң мыкты актер" номинацияларында "Оскар" сыйлыгын жеңип алган. 2004-жылы кирешелүү жана бир топ талаш-тартыштарды жараткан "Христостун арзуусу" (англ. The Passion of the Christ) деген тасмада режиссер жана продюсер болгон. Ал 2006-жылы сюжети 16-кылымдагы Америкада орун алган "Кыямат" (англ. Apocalypto, 2006) тасмасыне режиссер болгон жана аталган тасма үчүн дагы киносынчылардын мактоосуна арзыган. 10 жылдык тыныгуудан кийин, М. Гибсон көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, кирешелүү алып келген "Абийирдин үстөмдүгү" (англ. Hacksaw Ridge, 2016) тасмасын тарткан. Бул фильм "Оскар" сыйлыгын "Эң мыкты үн " жана "Эң мыкты монтаж" номинациясында уткан жана М. Гибсон "Эң мыкты режиссер" номинациясына экинчи жолу талапкер болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү