Менандр Протектор – 6-кылымдагы белгилүү византиялык тарыхчы, грек тилинде жазылган «Тарых» чыгармасынын автору. Бизге бул чыгарманын 558–582-жылдардагы тарыхый окуяларды камтыган бөлүгү гана жеткен. Мында түрктөргө келген жети византия элчилиги жана 568–569-жылы түрк каганы Истеминин Византия императору Юстин IIге жасаган элчилиги жөнүндө маанилүү маалыматтар берилет. Ошондой эле императордун Истеминин уулу Түрксантхка 576-жылдагы Византия элчилиги жөнүндө билдирген. Менандрдын эмгегинде берилген тарыхый маалыматтар 6-кылымга тиешелүү Теңир-Тоо аймагындагы Түрк кагандыгынын ичиндеги этносаясий кырдаалды окуп үйрөнүүдө чоң мааниге ээ. Түрк-Византия мамилелерин баяндоо менен Менандр түрктөрдүн эфталиттер жана ирандыктар менен болгон байланышы, алардын үрп-адаттары жөнүндө баалуу маалыматтарды берген.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү