Менахем Бегин (ибр. מנחם בגין), туулгандагы аты-жөнү Мечислав Вольфович Бегун (пол. Mieczysław Wołfowicz Biegun; 1913-жыл16-август, Брест-Литовск - 1992-жыл 9-март, Тель-Авив) - Израилдин саясий ишмери, 1977-жылдын июнь айынан 1983-жылга чейинки Израилдин жетинчи премьер-министри, Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты (1978). 1940-жылдары Иргун жашуруун жөөт уюмунун жетекчиси болгон.

Менахем Бегин (1978).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Израилдеги саясий ишмердиги түзөтүү

Бегин 1943-жылы декабрда жышыруун "Иргун" уюмунун жетекчиси болгон. Ал ушул сыпатта Англиянын аскерлерине, бийлигине жана мекемелерине каршы чабуулдарды жана террордук иш-аракеттерди уюштуруп, англия мандатына каршы көтөрүлүш баштаган (бул аракеттердин эң көзгө басары Иеурусалимдеги "Дөөтү падыша" мейманканасындагы Англиянын штаб-кеңсесинин жардырылышы болуп саналат). Англиялыктар анын башы үчүн 10 миң фунт (30 миң доллар) сыйлык белгилешкен.

Бегин - Израилдин Көз карандысыздыгы үчүн согуштун активдүү катышуучусу; кагылышка өзү катышпаса да, жергиликтүү командир өз алдынча иш кылса да, Эцелдин башчысы катары Дейр-Ясиндеги кыргын үчүн белгилүү өлчөмдө жооптуу.

1948-жылы Израил Мамлекети курулганда Иргун таркап, Израилдин Коргонуу Армиясына сиңип кеткен. Бегин Иргундун негизинде "Эркиндик" (ибр. Херут) партиясын түзүп, анын төрагасы катары Кнессетте оңчул оппозициянын лидери болгон.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү