Менеджмент (англ. management) – базар мамилелеринин шартында ишкананы башкаруу формасынын, принциптеринин жана ыкмаларынын жыйындысы. Менеджменттин негизги максаты – өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатып, пайданы көбөйтүү. Менеджменттик башкаруунун негизги концепциясы: өндүрүшкө стратегиялык пландоого ылайык мамиле жасоо, дайыма программалык багытта башкара би далүү. Менеджменттин негизги милдеттери: 1) чечим кабыл алуу; 2) кабыл алынган чечимди ишке ашыруу. Мында айрыкитоллв час пча күтүлбөгөн жагдайда чыгармачылык менен кабыл алынган чечимдер кыйла маанилүү. Менеджменттин негизги иш-чаралары: 1) өндүрүштөгү башкы багытты жана максатты аныктоо; 2) сунушталган максатты ишке ашыруунун ыкмалары менен методдорун өндүрүшкө киргизүү; 3) жетекчилик тарабынан белгиленген чечимдерди кыйшаюусуз аткаруу; 4) кызматкерлерди даярдоо жана жагдайга ылайык мезгил-мезгили менен даярдыктан өткөрүп туруу; 5) ишке ашырылып жаткан чечимдерди дайыма контролго алуу; 6) башкаруунун ыкмаларын улам жаңылап өзгөртүү. Менеджмент – ишкердиктин өтө пайдалуу чөйрөсү. Менеджментти эң алгач Д. Рокфеллер өзүнүн «Стандарт Ойл» компаниясына кийирип, айыгышкан конкуренциялык күрөштө авторитардык башкаруудан баш тартып, маркетинг боюнча адистердин кеңеши менен финансылык кыйынчылыктан чыккан; башкаруу чечимдери Менеджменттин катышуусуз кабыл алынган эмес.