Менестрель (лат. ministerialis - кызмат кылуу, кызматта туруу) - орто кылымдарда Францияда, Англияда ири ак сөөктөргө кызмат кылган музыкант.

Менестрель бир эле мезгилде ырчы, аспапта аткаруучу, акын жана көркөм окуучу адис болгон. Шаарларда жашаган Менестрель шериктештикгерге биригишип, мектептерди түзүшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.