Меньшевиктер – Россия социал-демократтар партиясындагы саясий агым. РСДРПнин 2-съездинде (1903) большевиктер жана меньшевиктерге бөлүнүп, 1917-жылы меньшевиктер партиясы түзүлгөн. Меньшевиктер (лидерлери: Л. Мартов. П. Б. Аксельрод, Г. В. Плеханов, В. И. Засулич ж. б.) жаңы типтеги партиянын теориялык, уюмдаштыруу жана тактикалык негизине, буржуазиялык-демократиялык революциядагы пролетариат гегемониясына, пролетариат менен дыйкандар союзуна каршы чыккан (дыйкандардын революциялык потенциалы жок деп эсептешкен); революциянын башкы кыймылдаткыч күчү – либералдык буржуазия деп эсептеп, аны менен жумушчу табын кызмат ташууга чакырган. 1-дүйнөлүк согушта (1914–18) меньшевиктер социал-шовинизм же центризм тарабына өткөн. 1917-жылдагы Февраль революциясынан кийин массанын саясий тажрыйбасы жоктугунан пайдаланып, алар эсерлер менен бирдикте Советтерде жетекчи абалга жетишип, бийликти Убактылуу өкмөткө берген. Ошол жылдын май айында меньшевиктер коалициялык Убактылуу өкмөткө кирген. Алар В. И. Лениндин «Апрель тезистерине», буржуазиялык- демократиялык революциядан социалисттик революцияга өтүүгө, Орус революциясына (1917), Брест тынчтыгына жана Совет бийлигинин бардык иш-чараларына каршы чыгып, Советтердин бүткүл россиялык 2-съездин үзгүлтүккө учуратууга аракеттенишкен. Керенский-Краснов козголоңун колдошкон; ак гвардиячылар жана империалисттер тарабында жарандык согушка катышкан. Жаңы экономикалык саясатка өтүүдө меньшевиктер эсерлер менен бирге кулак козголоңдорун идеялык-саясий жактан жетектеген; ишканаларда саботаж уюштурууга, Кронштадттагы козголоңго катышкан. Пролетариат диктатурасынын соккусунан улам меньшевиктер партиясы 1924-жылы жоюлган. 1931-жылы март айында меньшевиктердин «РСДРП БК Союздук Бюросунун» үстүнөн фальсификацияланган сот процесси жүргүзүлүп, анын мүчөлөрү (14 адам) чыккынчылар деп күнөөлөнүп, камакка алынган.

Меньшевиктер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү