Месопотамия (гр. мesos – ортосу, аралыгы, potamos – дарыя), Эки суу арасы – Батыш Азиядагы аймак, Тигр, Евфрат дарыясынын алабында. Месопотамия ойдуңу менен Жезире платосун камтыйт. Месопотамия Байыркы Чыгыш маданиятынын өөрчүгөн жери болгон. Ал жерде биздин заманга чейинки 4– 3-миң жылдыкта алгачкы таптык мамлекет орногон; 3-миң жылдыктын аягында Аккад, Ур ж. б. байыркы мамлекеттер өкүм сүргөн; 2-миң жылдыктын башында Месопотамиянын түштүк бөлүгүндө Вавилония пайда болгон. Биздин заманга чейинки 9-кылымдан биздин замандын 16-кылымына чейин Месопотамияга бир катар мамлекет ээлик кылып келген. 17-кылымдан 1918-жылга чейин Осмон империясынын курамында турган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Месопотамиянын басымдуу бөлүгү Ирактын, калганы Сирия менен Түркиянын курамына кирген.

Месопотамия.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү