Месопотамия ойдуңу, Кош өзөн ортосу негизинен Ирактын, ошондой эле Иран, Сирия жана Кувейттин аймагында. Тоо этегиндеги ийилүүдөн, Тигр, Евфрат жана Карун дарыясынын өрөөнүнөн орун алган. Перс булуңу менен чулганат. Көлү көп; шор баскан жерлер да кездешет. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 100 мден чет-жакаларында 200 мге чейин. Түндүгүндө субтропиктик, түштүгүнө тропиктик, чөл климаты мүнөздүү. Январдын орточо температурасы Басрада 11°С, августта 34°С, жайында айрым күндөрү 50°Сге чейин ысыйт; жылдык жаан-чачыны 100–200 мм. Өрөөн аркылуу аккан Тигр жана Евфрат дарыясы жазында кирип, жайында тартылат; сугатта жана кеме жүрүүдө мааниси зор. Субтропиктик жана тропиктик чөл өсүмдүктөрү, дарыя өрөөндөрүндө галерея токою өсөт; оазистер бар. Сугат дыйканчылыгы (буудай, шалы, гозо, курма пальмасы), көчмөн мал чарбачылыгы өнүккөн. Нефть (Киркук, Румайла ж. б.) кени бар. Ири шаарлары: Багдад, Басра (Ирак), Абадан (Иран). Месопотамия ойдуңу цивилизациянын байыркы очокторунан бири (Вавилония, Ассирия ж. б. кирген).

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү