Метопа (латынча metopa, грекче metopon – маңдай, маңдайкы бети) – доридалык же триглифнометопалык фриздин (триглиф менен бирдикте) негизги элементи. М. чарчы формада болуп, анын жактары триглифтин бийиктигине барабар жана триглифтердин ортосундагы аралыкты толтуруу үчүн кызмат кылгансыйт. М-нын үстүнкү бетине антик Грециясынын архитектурасында сюжеттик көрүнүштү мүнөздөгөн жана кийинчерээк жасалгалык мотивге айланган рельефтик жасалга жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү