Мидия (лат. Mytilus) – кош капкалуу моллюскалардын Mytilidae тукумунун уруусу. Раковинасы сүйрү шынаага окшош, кочкул кызгылт көк, көк, күрөң жана саргыч түстө, узундугу 20 смге жетип, ич жагы акактай кубулуп турат. Жетилгендери бутунун кыймылдоо функциясын жоготуп, бири-бирине же катуу нерсеге жабышып жашайт. 3 түрү Түндүк жана түштүк жарым шардын мелүүн сууларында кездешет. Mидия тамак катары кеңири пайдаланылат. Өтө тукумчул, 5–12 млнго чейин жумуртка таштайт. Майда планктон жандыктары жана детриттер менен азыктанат. Суунун туздуулугунун жана температурасынын өзгөрүүсүнө чыдамдуу. Суудан оор металлдарды жана патогендүү микроорганизмдерди чогултат. Алардын бермет пайда кылган учурлары да кездешет. Балыктарга жем жана промысел объектиси (эти желет)[1].

кадимки адал мидия (Mytilus edulis).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Мидий даярдоо ыкмасы