Микроскоптук козу карындар

Микроскоптук козу карындар — жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөр. Алардын көпчүлүгү өсүмдүк, жаныбарлардын калдыктары менен азыктанат (сапрофиттер). Айрымдары өсүмдүк, жаныбар жана адамдын денесинде мителик кылат.

Микроскоптук козу карындар.

Сүрөттөө түзөтүү

Микроскоптук козу карындар бактериялар сыяктуу органикалык заттарды бузуп, жаратылышта заттардын айлануусуна катышат. Бирок бактериядан айырмаланып, клеткаларынын көлөмү чоңураак жана татаал түзүлүштө болот. Алардын клеткалары сыртынан азоттуу кабык менен капталган бир же бир нече ядролуу протоплазмадан туруп, составында белок, май, гликоген, органикалык кислоталар, туз кристаллдары, пигменттер жана башкалар болот. Көпчүлүк микроскоптук козу карындардын түзүлүшү түрдүү узундуктагы жана жоондуктагы жипчелерден (гифтерден) турат. Жипчелер бутактанып мицелийди пайда кылат. Гифтер азык чөйрөнүн (субстраттын) ичинде же сыртында болушу мүмкүн. Негизги бөлүгү субстраттын ичине таралып, азык затты сорот. Көбүнчө алар жыныссыз, кээде жыныс жол менен көбөйөт.

Жердөөсү түзөтүү

Кээ бир микроскоптук козу карындар топурактагы өсүмдүк жана жаныбар калдыктарында көбөйүп (сапрофиттер), кийин тирүү өсүмдүк жана жаныбарлардын денесине өтүп мителик кылышат. Айрымдары тескерисинче өсүмдүк менен жаныбарда мителик кылып, кийин алардын өлгөн калдыгында сапрофит катары жашап калат. Көпчүлүк микроскоптук козу карындар өсүмдүк, жаныбар жана адамды түрдүү ооруларга чалдыктырып, зыян келтирет. Кай бири өнөр жай жана медицинада колдонулат.

 
Микроскоптук козу карындар.

Кебер козу карындар түзөтүү

Кебер козу карындар жашылча-жемиште, эскирип көгөргөн нанда, быштакта (сыр), малдын жеминде, желдетилбей, ным тарткан үйдүн боорунда түрдүү түстөгү үлпүлдөк кебер түрүндө өсөт. Жылуу, нымдуу шартта алар жакшы көбөйүшөт. Көптөгөн споралар пайда болуп, алар шамал, курт-кумурскалар жана башкалар менен айлана-чөйрөгө тарайт. Кебер козу карындардын ичинен аспергилл жана пенцилл түркүмүндөгү түрлөрү кеңири таралган. Негизинен алар топуракта, абада, өсүмдүктө жана жаныбарлар менен адамдын терисинде, былжыр челинде жашайт.

Колдонулган тармактар түзөтүү

Кебер козу карындар тамак-аш жана медицина өнөр жайында кеңири колдонулат. Алар быштак жасоодо, лимон, шавель кислоталарын алууда, арак жана башкалар чыгарууда чоң мааниге ээ. 1872-ж. орус дерматологу А. Г. Полотебнов 1-жолу жашыл кеберди (пеницилл) ириңдүү жараны дарылоодо колдонуп тажрыйба жасаган. Англиялык бактериолог А. Флеминг кеберден бактерияга каршы затты бөлүп алып, аны пенициллин деп атаган.

 
Микроскоптук козу карындар оорусу.

Оорулар тууралуу түзөтүү

 
Тамактагы микроскоптук козу карындар.

Ал жугуштуу ооруга каршы күрөшүүдө кеңири колдонулган. Кийинчерээк түрдүү антибиотиктер, анын ичинде тери, тырмак, чачтын грибок оорусуна каршы антибиотиктер алынган. Ошону менен катар айрым кебер козу карындар түрдүү өсүмдүктөрдү, курт-кумурскаларды (көпөлөк, аары жана башкалар) түрдүү ооруга чалдыктырып, жабыркатат. Аспергилл кебери жапайы үй канаттууларынын (каз, көгүчкөн, күрп) дем алуу жолдорунун оорусун пайда кылып, аларды өлүмгө дуушарлантат. Бодо малдын ичеги-карынын жабыркатат, уй музоо салат. Кишиде түрдүү органдардын мите козу карын ооруларын (микоздорду) пайда кылат. Негизинен аспергиллёз түрдүү ооруга туруктуулугу төмөн, рак, кургак учук жана башка жугуштуу оору менен ооруп, организми начарлагандарда болот. Козгогуч ооз былжыр челинен дем алуу жолдоруна кирет. Ички органдардын аспергиллёзунун пайда болушуна антибиотиктерди, гормон дарыларын жана башкалар дары заттарын ашкере жана туура эмес пайдалануу себеп болот. Себеби, мындай учурда адамдын нормалдуу микрофлорасы жана иммунитети бузулат. Айрым учурда кеберлүү козу карындын споралары менен булганган абаны дем алып иштөөгө байланыштуу болот. Мисалы, дан, жүн, кара куурай тазалагандар (эгер алар көгөрүп кетсе), өндүрүштө кээ бир продуктуларды алуу үчүн аспергилл менен иштегендер аспергиллёз менен жабыркайт. Бул оору менен кулак, көз ооруган учуру да кезигет. Көз ооруганда кээде адам сокур болуп да калат. Теринин аспергиллёзу сейрек учурайт. Айрым кебер козу карындар өзүнөн уу затты (микотоксин) бөлүп чыгарып, микотоксикозду пайда кылат. Мал жайыттан көгөргөн чөптү же жемди жегенде ууланат. Адам кебер козу карын менен булганган дандан жасалган тамак-ашты жегенде же споралар менен булганган чаң менен дем алганда ооруйт. Дем алуу жолдорунун оорусу жөтөл, кан түкүрүү, куску келүү, баш ооруу, эт ысуу менен коштолот. Фузариум кебер козу карыны пайда кылган фузариотоксикоз жакшы изилденген. Ал оор ангинадай өтүп, көп учурда өлүмгө учуратат. Стахиботрикс кебер козу карыны малдын арасында массалык ууланууну пайда кылат. Алар топуракта, өсүмдүктө, көбүнчө саманда кезигет. Аны жеген малдын оозунда, алкымында, мурдунун былжыр челинде жара пайда болуп, мурдунан кан агат. Басыгы бузулуп, тырышат. Кээде мал өлүмгө учурайт. Стихиоботриотоксикоз чириген саман, чөп чөмөлөгөн адамдарда байкалат. Мында тили, тамагы, ууртунун былжыр чели жараланат, башы ооруп, мурду канайт, денеси, өзгөчө жыныс органдарынын тегереги кычышат.

Сактануу түзөтүү

Кебер козу карындар пайда кылган оорудан сактануу үчүн эгинди, тоютту туура сактоо, кургатуу, чириген саманды жок кылуу талапка ылайык.

Көпчүлүк түрү топурак, өсүмдүктө жашайт. Алардын органикалык заттарды ачытуу, кантты спиртке айлантуу касиетине байланыштуу ачыткы катары илгертен бери эле колдонулуп келген (Ачыткы козу карындар).

Дерматомицеттер же дерматофиттер түзөтүү

Алар теринин мите козу карын ооруларын чакырат. Дээрлик баарымителик кылып жашайт.

Дермофиттер таз, трихофития, эпидермофития, микроспория ооруларын пайда кылат. Соо адамга оору оорулуу менен бирге болгондо анын буюмдары, чачы, тырмагы жана башкалар аркылуу берилет. Адатта балдарга тез жугат. Дермофиттердин айрым түрлөрү чычкан, арысчычкандарда трихофития оорусун козгоп, уйду, итти, мышыкты жабыркатып, алардан адамга жугат. Ылаңдаган малды баккандарга алардын жүнү менен булганган буюмдар аркылуу жугат. Айрым дерматофиттерден адамдын денесине аллергиялык бүдүр чыгып, кычышат, абалы начарлап, башы ооруп, эти ысыйт (Аллергия).

Айлана-чөйрөгө козу карындар алынган тырмак, үзүлгөн чач, жүн, тери кабырчыктары, какач жана башкалар менен тарайт.

Байланышкан макалалар түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8