Микроцефалия (микро... жанa гр. kephale — баш) — денения башка бөлүктөрү нормалдуу болуп. баш сөөк менен мээнин кичине болушу.

Микроцефалия кем акылдык менен кошо болот. Анын себептери: боюнда бар аялдар түйүлдүктүн 3 айында вирус оорулары менен оорушу, токсоплазмоз жанa түйүлдүктүн менингоэнцефалитке чалдыгышы. Микроцефалияга чалдыккандар узак жашабайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.