Миоглобин— кычкылтек молекулаларын булчуңга жыйнап, аны клетканын кычкылдануу системаларына берүүчү глобиндүү белок.

Миоглобин.

Хромопротеиддерге кирет. Миоглобиндин структурасы рентгеноструктура анализи менен такталган. Анын полипептиддик чынжырчасы бир гем группасы менен байланышат. Гем — кычкылтекти байланыштыруучу активдүү борбор. Мол. массасы 17000. Миоглобиндин 02 менен кайра байланышы кычкылтектин парциалдык басымы (Ро2) төмөн болгондо да жүрөт. Мунун физиол. мааниси чоң, мис., булчуңдун жыйрылуусунда капиллярлар кысылып, Ро2 төмөндөйт. Ушул мезгилде булчуңга керектүү 02 Миоглобинден бошонуп чыгат.

Миоглобин омурткалуулардын булчуңунун түсүн аныктайт. Өзгөчө суу жаныбарларынын (түлөн, кит, дельфин ж. б.) булчуңунда 20%ке чейин болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.