Мобилизм (лат. mobilis — кыймылдуу) — жер кыртышынын (литосферанын) материк келкилери горизон­таль багытта жылат деген божомол (гипотеза).

Геол. узак убакытта ма­терик келкилерп бири биринен жана уюлдан миңдеген кмте чейин жылып кетиши мүмкүн делет. Мобилизм фиксизмге карама-каршы коюлат. Божомолду ил. жактан 1-жолу амер. илимпоз Ф. Тей­лор (1910), немец геофизиги А. Веге­нер 1915 иштеп чыккан. Мобилизмдин азыркы варианты «жаңы глобаль (ири) тектоникасы» (же плита тектоникасы) деп аталат. Ал океан түбүнүн рельефин жана магнит талааларын изилдөөгө, палеомагнетизмдин маалыматтарына негизделген.

Бул түшүнүк боюнча материк келкилерин жана аларга жанаша жаткан океан кыртышын (мантиянын эң үстүңкү бөлү­гү менен бирге) камтыган монолит плиталарынын жай (жылына орто эсеп менен 1—5 см) ордунан козголуусу жүрөт. Плиталар океан ортолук тоолордон жаш бүктөлүү алкактарды (Анд, Гималай) жана арал жааларына карай 2 жакка ажырайт. Мында эки плитанын бирөөнүн астыцкы бөлүгү жантайыңкы жаткан тектоникалык жаракаларды бойлой тереңдикке (700 км чейин) чөгөт. Ал эми 2-плитанын материктик кыртышында кысымдын таасиринен бүктөлүүлөр жана жылышуулар жаралат. Океан ортолук тоолордун борбордук бөлүгүндө созулуу структуралары — рифтер пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.