Модэ Шанүй (кыт. шанүй - теңир куту) - б. з. ч. 209-174-ж. хунну урууларынын башчысы.
Хунну урууларынын шанүйу Toyмандын улуу уулу. Toyман кытайлардан жеңилип алсырай түшкөндө юэчжилердин талабы боюнча Модэни аманатка берген. Toyман юэчжилерге басып киргенде Модэ Шанүй хунндар тарапка өткөн. Ал өз аскерлерин таамай атууга машыктырган жана буйрукту кыңк этпей аткарууга көндүргөн.
Б. з. ч. 209-ж. Модэ өз атасын өлтүрүп, такка олтурат. Чыгышта жашаган дунхуларды, кийинки жылы юэчжилерди караткан.
Б. з. ч. 203-201-ж. түндүк тарабындагы коңшулары хунүйлөрдү, күйешелерди, Саян тоолорунун этегин мекендеген динлиндерди, Чыгыш Түркстандын түндүгүнде жашаган кыргыздарды басып алган.
Б. з. ч. 201-ж. Кытайга кол салат.
Б. з. ч. 198-ж. кытай императору Лю Бан менен «бейкуттук жана туугандык» келишимин түзгөн. Иш жүзүндө кытай императору Модэ Шанүйге көз каранды болуп, салык төлөп турууга мажбур болгон.
Б. з. ч. 177-ж. Модэ Шанүй юэчжилерди, усундарды жана Чыгыш Теңир-Тоодогу башка элдерди да баш ийдирген.
Модэ Шанүй өлгөндөн кийин (б. з. ч. 174-ж.) такка уулу Лаошань отурган.

Модэ Шанүй

Колдонулган адабияттар түзөтүү