Мозаикалар (организмдер)

Мозаикалар (организмдер) (гр. museion - музаларга арналган) - көп клеткалуу организмдерде ар кандай генотиптерге ээ клеткалардын (мейоз процессиндеги жыныс клеткаларынан сырткары) болушун чагылдыруучу кубулуш. Мындай организмдер М. же химералар деп аталат. М-дын негизги себептери болуп полиплоидия, мутациялар ж-а митоздук бөлүнүүчү клеткалардын рекомбинациясы саналат. Ошондой эле мозаика бир клетканын чегинде өз ара айырмаланышкан бир типтеги органоиддердин болушу жана алардын жаш клеткаларга бирдей эмес бөлүнүшү (мисалы, өсүмдүктөрдүн ала жалбырактуулугунда ар түрдүү хлоропласттардын бөлүнүшү) менен байланыштуу болушу мүмкүн. Генет. мозаикалуулук адамда да байкалган мисалы, көздүн карек айланасындагы челинин (бир көзү кой көз, экинчи көзү көк көз), теринин жана чачтын ар түрдүү пигменттелиши. Медициналык генетикада организмдин клеткалар тобунун хромосомалары аномалдык, адаттан тышкаркы санга же түзүлүшкө ээ болгон, хромосомалык М. көбүрөөк изилденген. Органдардын же клеткалардын тобунун жасалма бириктирилишин; мисалы, трансплантацияны, өсүмдүктөрдү кыйыштыруу, ар түрдүү зиготалардан алынган бластомер тобунун бириктирилишин да мозаика деп эсептөөгө болот. М. организмдердин өнүгүү өзгөчөлүктөрүн, рекомбинацияларды, мутацияларды анализдөө, талдоодо колдонулат. Кээ бир микроорганизмдерде (мисалы, ачыткчытарда) М-га окшош алгачкы бир клетканын бөлүнүшүнөн алынган генотиптик жактан ар түрдүү клеткалардын колониялары байкалган. Жаныбарлардын эмбриол-сында жумуртка цитоплазмаларынын жогорку деңгээлде жиктелишин чагылдыруучу "мозаикалуу жумурткалар" түшүнүгү кездешет. Бул учурда жумурткалардын ар түрдүү зоналарында биохим., физиологиялык, морфол. айырмачылыктары ачып көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү