Молдо-ТооИчки Теңир-Тоодогу кырка тоо. Нарын дарыясынын оң өйүзүндө, анын меридиандык имерилишинен чыгышты карай Куртка суусуна чейин 110 км ийилип созулат.

Туурасы 26 км. Орточо бийиктиги 3600 м, эң бийик жери 4185 м. Бир-бирине жарыш жаткан кыркалардан турат. Жону чыгышында түзөң, айдөөш, батышында тик чоку, аскалуу, ортоңку бөлүгү (Каракече суусунун башында) бийик. Капталдары батышында негизинен тик; Көкөмерен ж-а Нарын өрөөндөрүнө караган беттери терең кокту-колот, капчыгайлуу. Чыгышында Жумгал ж-а Нарын өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Ашуулары: Чамынды (3184 м), Кең-Арык (3524 м), Ак-Тайлак ашуусу (3400 м), Боз-Айгыр (3660 м), Суулу-Куртка (3368 м), Узун-Булак (3126 м). Негизинен ортоңку палеозойдун акиташ теги, мрамор, филлит, кварцит, диабаз, конгломерат; этеги неоген-төртүнчүлүк мезгилдердин кум, чопо, тектеринен түзүлгөн. Көмүр, полиметалл ж.б. кендери бар. Чакан мөңгүлөр кездешет.

Тоонун күнгөйүн жарым чөл ж-а кургак талаа (2300 м бийиктикке чейин), арча, бадалдуу талаа ж-а шалбаалуу талаа (2300– 3000 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (3000–3300 м), тескейинде, батыш тоо этегине бадал аралашкан кургак талаа ж-а талаа, чыгышына сейрек карагайлуу токой ж-а шимүүр каз тамандуу шалбаа (3000 мге чейин), субальп, альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаасы (3500 мге чейин), анданжогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2