Молекула генетикасы - генетикалык информациянын сакталышын, укумдан тукумга берилишин жана өзгөрүшүн субклеткалык, мол. деңгээлде изилдөө аркылуу тирүү жандыктардын тукум куугучтугунун жана өзгөргүчтүгүнүн материалдык негизин изилдөөчү илим; генетика менен молекула биологиясынын тармагы.

Молекула генетикасы өз алдынча илим катары 20-кылымдын 40-жылдарынан өнүгө баштады. Буга биологияда жаңы физ. жанa хим. методдордун колдонулушу себеп болду. Молекула генетикасынын тез өнүгүшүнө генетикалык изилдөөлөрдүн татаал түзүлүштүү организмдерден (эукариоттор) көбүнчө жөнөкөй түзүлүштүү организмдерге (мис., бактериялар, вирустар) өтүшү да чоң роль ойноду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.