Монацит (гр. monazō – жалгыз жашайм) – церий тобундагы сейрек жер элементтеринин минералы. Химиялык формуласы (Ce, La, Y, Tn) [PO4]. Моноклин сингониясында кристаллдашат. Өңү-түсү киргилт сары, күрөң, кызгылтым, көгүш сымал. Айнекке окшоп жылтырайт. Катуулугу 5–5,5. Пегматит, гранит жана сланецтердеги гидротермдүү карбонат тарамчаларында кездешет. Дарыялардын жайылмасында, деңиз жээктеринде кен чачындыларын пайда кылат.

Монацит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү