Моногамия - жаныбарлардын жыныстуулар ортосундагы катышуунун формасы. Бир сезондун ичинде бир эркеги бир эле ургаачы менен жыныстык катнашуу жасайт. Адатта, М-да эркектери тукумуна кам көрүшөт. Сүт эмүүчүлөрдө М. полигамия караганда сейрек кездешет. Жыныстык диморфизм да М-да начар өөрчүгөн. М. канаттууларда кеңири таралган. Аккуулар, кунастар, бүркүттөр, жорулар бир нече жылга жупту түзөт, кээ бирде өмүр бою, каздар - бир эле сезонго. Түр ичинде М-нын полигамияга өтүшү (бобрлар) кездешет. М. курт-кумурскаларда да учурайт (коңуздар - дүмүр жечүлөр).

ышылдак куулар (Cygnus olor).

Колдонулган адабияттар түзөтүү